Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда борбор калаадагы шайлоо участкаларынын биринин мисалында парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Мамлекет башчысына шайлоого даярдыктын жүрүшү, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептөөчү жабдуулардын даярдыгы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, бардык шайлоо участокторунда добуш берүү процессинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралар көрүлгөн.
Нуржан Шайлдабекова шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрүн жана добуш берүүнүн жол-жобосун, анын ичинде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун, добуш берүүнүн жана бюллетендерди автоматтык эсептөөчү урналарга салуу жол-жоболорун көрсөтүп берди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы маалымдагандай, ар бир шайлоо тилкесинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган саясий партиялар жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган талапкерлер тууралуу маалыматтар кеңири берилип жатат.
Добуш берүүнүн тартиби менен таанышууда Мамлекет башчысы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, ошондой эле Республикалык штабга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди жана добуш берүү күнү пайда болушу мүмкүн болгон маселелерди тез арада чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүнү тапшырды.