Саясат

Марат Иманкулов : “Жеңилүүнү да кабылдай билиш керек”

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов БШК имаратында митингге чыккан партиялардын өкүлдөрүнө кайрылды.

Ал КТРКнын түз эфиринде бийлик бурмалоого кызыкдар эместигин, шайлоонун жыйынтыгына канааттанбаган саясий уюмдар утулганын моюндоосу керектигин айтты.

«Мага өтпөй калган партиялар Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында митинг өткөрүп жатканын айтышты. Добуштарды кол менен эсептөөнүн протоколдорун көрсөтөбүз. Мен бул саясий бирикмелерди чакырып, түшүндүрөм. Керек болсо, бюллетендерди кайра санайбыз. Бул жерде мен дагы, президент дагы (добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого) кызыкдар эмеспиз», — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

“Биз эч кимден коркпойбуз. А бизде корко турган, жашыра турган эч нерсе жок. Болгону биз бардыгы адилеттүү болушун каалайбыз. Сиздер жеңилүүнү кабылдай билишиңиздер керек”, — деди ал.

«Техника бул техника. Ошондуктан, жободо ар кандай себептерден улам системада кандайдыр бир бузулуулар болсо: электр жарыгы өчүп калышы мүмкүн, кабели үзүлүп калышы мүмкүн, мындай учурларда кол менен эсептөө бар деп айтылат. Ал гана расмий жана акыркы болуп саналат. Биз алардын жыйынтыгын күтөбүз», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча алты партия алдыда, бир мандаттуу округдардан кимдер жеңгени тууралуу да маалымат бар.

 

Бүгүн беш пайыздык тоскоолдуктан өтө албаган саясий уюмдар БШКнын астына  митингге чыгып, жетекчини жана анын мүчөлөрүн кызматтан кетирип, кайра шайлоону талап кылышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button