Саясатчы Ө.Текебаевдин телефонунун УКМКнын имаратынын жанында табылганы тууралуу  социалдык тармактарда жарыяланган маалыматка байланыштуу КР УКМК төмөндөгүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт:

Ө.Текебаевге байланыштуу «Park Hotel» жанында болгон кырдаал УКМКга да, анын кызматкерлерине да тиешеси жок, социалдык тармактарда жогорудагы маалыматтар күч түзүмдөрүнө карата чагымчылдык аракети болуп саналат.

Биз саясатчыларды жана алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерден, мамлекеттик органдарга, тактап айтканда, УКМКны мындай аракеттерге айыптоо аракеттеринен алыс болуп, анын ордуна тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүгө чакырабыз.

УКМКга карата жалаа жабуу, мыйзамсыз аракеттерди жасоо, айыптоо, негизсиз айыптоо үчүн жоопкерчилик каралганын эскертебиз.