Бүгүн, 3-декабрда Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Мэр Алмаз Мамбетов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна жана көзү азиз, көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Возможно, это изображение (7 человек, люди стоят и в помещении)

“Калаа башчы балдардын чакан концерттик программасына күбө болуп, коомдун аярлуу балдарына мэрия тараптан дайым көңүл бурулуп тураарын айтты.

Мэр реабилитациялоо борборунун жана мектеп интернатынын абалы менен да таанышып чыкты. Мындагы балдарга көмөк иретинде бөлүнгөн 10 миң сом акчалай жардам жана балдар үчүн азык-түлүк баштыктарын тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

Ош шаары боюнча жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 7133. Анын 983ү 18 жашка чейинки балдар. Бүгүнкү күнгө карата жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 20 миңи ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өтө оор шартта жашаган 4 жаранга берилди. Дагы 100 жаранга 1000 сомдон тапшырылды. Аны менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн 3 мекемеге 10 миң сомдон бөлүнгөн.

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят и в помещении)

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят, воздушный шарик и в помещении)