Бүгүн, 2021-жылдын 6-декабрында Кыргызстандагы аял-милициялардын Ассоциациясынын 10 жылдык мааракесине жана Коопсуздук, коомдук тартип жана мыйзамдуулук секторундагы кыргыз аялдарынын Ассоциациясынын 5 жылдык маарекесине карата “Заманбап шарттарда милиция айымдарынын ролу: көйгөйлөр жана өнүгүүсү” аттуу 2 күндүк семинар башталды. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жардамы менен уюштурулду.

Семинарга аял-милициялар Ассоциациясынын төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги, тарых илимдеринин доктору, профессор Каана Айдаркул, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кеңешчиси Константин Бедарев, Борбордук Азиядагы кылмыш сот адилеттиги программасынын координатору, БУУнун кеңсесинин Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча координатору Жыпар Ракишева, Кыргызстандын коопсуздук тармагындагы аялдар ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Шамшибек Мамыров жана Кыргызстандагы аял-милициялар Ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөлөрү катышты.

Семинардын алкагында ички иштер органдарында аялдардын гендердик өкүлчүлүгүнүн учурдагы абалы, ички иштер органдарындагы аялдардын орду жана ролу, алардын потенциалын жогорулатуу жана калктын милицияга болгон ишениминин деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы тууралуу маселелер талкууланат.

Иш-чараны куттуктоо сөзү менен Кыргызстандагы аял-милициялар Ассоциациясынын президенти Каана Айдаркул ачып,  бул Ассоциация мындан 10 жыл мурда  өлкө үчүн оор күндөрдө түзүлүп, кыска убакытта өзүнүн потенциалын көрсөтө алганын белгиледи.

Андан соң сөз ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция иштери боюнча кеңешчиси Константин Бедаревге берилип, ал өз сөзүндө ички иштер органдарында кызмат өтөп жаткан аялдардын маанилүү ролун баса белгиледи. Ал белгилегендей, форма кийген аял кызматкерлер өздөрүнүн эркек кесиптештери сыяктуу милдеттерди бирдей деңгээлде, бирдей оор шарттарда аткарууга жөндөмдүү экенин далилдеп, баа жеткис салымын кошуп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын коопсуздук тармагындагы аялдар ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы Шамшибек Мамыров семинардын катышуучуларын милиция кызматкеринин оор кесибин тандоодон коркпогон уникалдуу айымдар деп атады: алар кесипти жакшы көрүшөт жана кызматты жылуулук менен толтурушат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы