Коом

Видео. Ахматбек Келдибеков: Жалаа жапкан жакшы эмес…

Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы, саясый жана мамлекеттик ишмер Ахматбек Келдибеков акыркы күндөрдөгү өзүнө карата жасалып жактан каралоолорго Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу замандаштар, «Чындык» чапанын» кийгенче, калп дүйнөнү тегеренет» деп Уинстон Черчилль айткан. Анын сыңарындай, «Камчы Көлбаев менен Алтынбек Сулайманов Ахматбек Келдибековго акыркы үлгүдөгү авто унаа тартуулашкан» деген жалган жалаа жабылган тасма интернетке тарады. Мен чынында айтаар элем.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Силер айткан маалыматтар чын чыгып, Камчы Көлбаев менен Алтынбек Сулайманов мен жөнүндө кылдан кыйкым издеп, кыйналып жаткан адамдарды “уят” кылбай эми бирден машина тартууласын.

Анан ушул видеонун авторлору президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевге да » Э.Тентишев атындагы Азия медициналык институту Келдибековдуку» деп кулак кагыш кылып, ушул медициналык институт меники экенин сотто да далилдеп берсин.

Анан көшөгөнүн артына жашынып алып, далили жок маалыматтарды таркатып жаткан жалданма адамдардын кожоюндарына кулак кагыш. Эгерде төмөндөгү видео тасмада менин декларациямда көргөзүлбөгөн байлыктарымды ким тапса, анда ошону силерге белек кылдым.

Элибизде жакшы сөз бар «пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында болот» деген. Анын сыңарындай, силердин калптарыңар чын чыгып, Жараткан ар дайым берерин унутпасын…» — деп жазылган билдирүүдө.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button