Москванын жүзүн таануу системасы жасалма документ жасаганы үчүн федералдык издөөдө жүргөн Кыргызстандын тургуну менен Өзбекстандын тургунун чаташтырды. Маалымат милицияга берилип, алар кооптуу кылмышкерди кармоо үчүн тез жетип, окуя болгон жерде аларды таптакыр башка адам күтүп турганына күбө болушат. Бул тууралуу @moslentaru Telegram каналы билдирди.

Өзбекстандын жараны Маруфжон (сол жактагы сүрөттө) өмүрүндө бир да жолу мыйзам чегинен чыкпаганын, издөөдө жүрбөгөнүн, Данияр деген ысымдын (оң жактагы сүрөттө) ага эч кандай тиешеси жок экенин түшүндүрдү.

Москванын укук коргоо кызматкерлери Өзбекстандын жаранынын маалыматтарын текшерип, кылмышкерге сырткы окшоштугунан улам кетирген катасы үчүн кечирим сурашкан.