Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Булак айылында айыл ичиндеги жолдор кеңейтилүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Kadam-media.kg” маалымат порталына билдиришти.

Маалыматка караганда,  айыл өкмөтү Райимбек Таабалдиевдин 31-декабрга чейин жолго чыгып кеткен дубал-тосмолор бак дарактар алынсын деген токтому чыккан.

Токтомго ылайык, Кызыл-Булак айылынын тургундарына  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолго чыгып кеткен жарандар дубалдарын бузуп жолду кеңейтип жатышат.

Аталган айылдын тургуну Турсунов Айбек өзүнүн жеринен элдин каттоосу үчүн жолго деп жер бөлүп берген.

“Бүгүн жеримдин жогорку тарабынан элдердин каттоосу үчүн өз каалоом менен жер бөлүп бердим. Келечекте айылыбыз ар тараптуу өнүгүп, жолдорубуз кең болсун. Бул демилгени көтөргөн айыл өкмөтүбүзгө, айыл башчыбызга жана түзүлгөн коммицияга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.  Келгиле урматтуу айылдаштар жакшылык иште жарышалы, дайыма ынтымактыкта жашаганга эмне жетсин”, — дейт Айбек Турсунов.