Мамлекеттик салык кызматы январь-ноябрь айларында 95 млрд 720,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Муну менен белгиленген план 4,2 пайызга аткарылды же 3 млрд 851,1 млн сомго ашыгы менен жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салык 25,4 млрд сомго көп жыйналган.

“Анын ичинен ушул жылдын ноябрь айында 9 млрд 950,3 млн сом салык жыйналды. План 8,4 пайызга же 769,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көп жыйналды» (өсүү темпи 30,4 пайыз), — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.