Коом

Адис инфаркт кармаардан бир саат мурда кандай белгилер пайда болорун эскертти

Врач-терапевт, кардиолог Азизхон Аскаров мээнин инфарктынан кабар берген биринчи белгилер туурасында айтып бергендигин РИА Новости «АиФ» басылмасына таянып жазды.

Медик эгерде баш катуу ооруса, жүрөк айланса, кыймыл жана көздүн көрүүсү начарлап, кол чымырап, сезбей калса ага кайдыгер мамиле жасабаш керектигин эскертти.

«Тез арада эле артерия жабыла калып, мээнин инфаркты башталганда булар бир жарым, бир саатта эле болуп кетет», — деген Аскаров.

Анын айтымына караганда, мээнин жабыркашы үч учур менен коштолот.

«Адамдын аң-сезими бузула баштайт, кыйналат, активдүүлүгүн жоготот. Экинчиси — булдуруктап калат, сөздөрдү байланыштырып сүйлөй албайт же сөзү жайлайт. Эгерде катуу ооруп калса, эч нерсе айта албай калат. Үчүнчүсү — өзүн-өзү кармай албайт, басып бара жатып эле жыгылат, кол-буттун булчуңдарынын иштөөсү начарлайт», — деп түшүндүрдү дарыгер.

Аскаров оорунун белгилери байкалар замат эч нерсеге карабай, дароо Тез жардам кызматын чакыруу керектигин айтты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button