Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы мамлекеттик сатып алуулар порталына 5 миллион 687 миң 500 сомго тендер жарыялаган.

Маалыматка караганда, бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалат. Арка фасаддары светодиоддук торлор менен кооздолуп, жасалгаланган сейилдөө аллеялары түзүлүп, аянттагы объектилер гирляндаларга оролуп, көчө бойлой бактарга чоң оюнчуктар илинет.

Тендерди «Аманат Транс» ЖЧКсы жеңип алган.