Саясат

Акылбек Жапаров менен Дубайдын эмири EXPO 2020 алкагында Кыргызстандын павильонуна барды

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз павильонунун көргөзмө стенддери менен таанышуу учурунда Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциал, экономикалык өз ара аркеттенүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Белгилесек, 14-декабрда Дубай шаарында «EXPO 2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Көргөзмөнүн аймагында ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button