Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрынан тарта Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер башталат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жарманке 21-декабрдан 26-декабрга чейин, саат 15.00дөн 18.00гө чейин «Ынтымак-2» сейил багында, ошондой эле 21-декабрдан 30-декабрга чейин, саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтмөкчү.

«Жарманкелерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталарын белгилей кетүү маанилүү. Беткаптар, антисептиктер, аралык, эми, эң негизгиси майрам алдындагы жакшы маанай керек», — деп баса белгилешти мэриядан.