Коом

Япон окумуштуулары курманы коронавируска каршы дары деп аташты

Курма адам организминин коронавирус инфекциясына каршы күрөшүнө салым кошо алат, деген тыянакка Кашихара шаарындагы Нара медициналык университетинин жапон окумуштуулары келип, илимий изилдөөлөрүн Scientific Reports журналына жарыялашты.

Адистер мөмөнүн курамындагы таниндин аркасында вирусту жуктуруп алуу коркунучу азайганын байкашкан. Окумуштуулардын айтымында, танниндин жардамы менен коронавирустун оор түрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү да азаят.

Окумуштуулар өздөрүнүн гипотезасын хомяктарда сынап көрүштү. Мурда танин албаган жаныбарлардын вирусту көтөрүүсү жогору боло баштаган. Ошондой эле адистер аларда өпкөнүн пневмониясынын белгилери бар экенин белгилешти. Экинчи контролдук  танин алган топ  өздөрүн жакшы сезишкен.

Курманын курамында ар түрдүү витаминдер болгондуктан, аны көбүнчө “бейиштин мөмөсү” деп аташат. Анда,  А, С, В1, В2, В3 витаминдери, фосфор, кальций, темир жана натрий бар.

Кошумчалай кетсек, курмадагы калий жана магний адамды жүрөк-кан тамыр ооруларынан, ал тургай рактан да сактайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button