Коом

Чүй райондук милициясы балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамында коопсуздукту камсыздады

2021-жылдын 16-декабрь күнү Чүй районунун аймагында жашы жете электердин катышуусу менен Жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулган. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Жашы жете электерди кубанычка бөлөп, жагымдуу маанай тартуулаган бул иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулса,  ал эми коомдук коопсуздуктун камсыздалуусу Чүй райондук милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

Жаңы жылдык балаты майрамы «Гавайи» эс алуу жайында уюштурулган. Ага  Чүй районунан жалпысынан 61 жашы жете элек жеткинчектер катышты. Алардын коопсуздугун камсыздоону Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги А.И.Назаралиев жетекчилик кылган, милиция кызматкерлери көзөмөлгө алды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button