Коом

Ооганстандан кыргыз жарандары эвакуацияланды

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында өзүнүн жарандарынан тышкары оогандык студенттер жана Кыргызстандын жарандарын чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

«Азаттык» кабарлагандай, төртүнчү жолу уюштурулган аскердик-транспорттук эвакуациялоого жалпысынан үч учак тартылган.

Ал учактар менен Ооганстандын борбору Кабулга азык-түлүк жана дары-дармектен турган 36 тонналык гуманитардык жүк жеткирилип, кайра ошол жактагы орусиялык жарандар, Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алган ооган студенттери жана кыргыз жарандары ташылып келди.

Кабулдан 18-декабрда учуп чыккан учактар Тажикстандын Гиссар жана Кыргызстандын Кант аэродромдоруна май куйдуруу үчүн конуп, 19-декабрда Москва облусундагы Чкаловский аэродромуна жеткени маалымдалды.

Кыргызстандын канча жараны эвакуация болгону тууралуу айтылган жок. Кыргыз бийлиги да азырынча маалымат бере элек.

Ооганстанда өкмөттү башкаруу “Талибан” кыймылына өткөн кездеги башаламандык учурунда бул өлкөдөгү ондогон кыргызстандыктар эвакуацияланган. Кыргызстан оогандыктарга эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button