Бүгүн, 21-декабрда “Каба уулу Кожомкул” атындагы спорт ордосунда Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эркектер жана аялдар арасында эл аралык алыш турнири өтөт.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Ирандан келген 300дөн ашык спортчу катышып, медалдар үчүн күч сынашат.

Жалпысынан эркектер жана аялдар арасында 18 комплект медаль ойнотулуп, турнирдин байге фонду 540 миң сомду түзөт. Башкы байгелер автоунаа жана 1500 доллар ыйгарылат.