Кара-Суу районундагы №8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары Президент Садыр Жапаровго шайлоонун жыйынтыгы тууралуу кат жолдошту.

«Биз, №8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары, 28-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайбыз деп расмий билдиребиз. Анткени бул округдан жеңип чыкты делген Нурбек Алимбеков Президенттин таза шайлоо өткөрөм деген аракетин көзгө илбей, добуш сатып алуу, жашоочуларга материалдык нерселерди убада кылуу менен бир ай бою алек болду. Шайлоону өткөрүү нормаларында көрсөтүлгөндөй, агитаторлорго карточка аркылуу айлык таратуунун ордуна накталай айлык берди. 500 дөн сырткары да жүздөгөн шайлоочуларды алды.
Ошондой эле Нурбек Алимбеков штабы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталса да, укук коргоо органдары кылмыш составы жок деп ишти жабышты. Учурда Ош шаарында прокуратура органдары Нурбек Алимбековдон олчойгон параларды алыптыр деген сөздөр желдей тарады.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Нурбек Алимбековдун шайлоо өнөктүгү Сиздин саясатка көөп жапты. “Калк айтса калп айтпайт” деген илгертен келе жаткан акылман сөз бар.
Биз бул округда ким Алимбеков штабынан канча алып, добуш бергендеринен бери айтып беребиз. Кимдер агитатор болуп иштегенинен бери, алар айлыкты накталай колуна алгандан бери жана элге эмнелерди жасап берерин убада кылганынан бери айтып беребиз.
Шайлообек Атазов 17 000 добушту бир сом таратпай алды. Ал бычакка сап болор, элдин, мамлекеттин башына карантүн түшкөндө эл алдында болор эр жүрөк жигит.
Нурбек Алимбеков 11 жыл депутаттык ишинде бир да активдүүлүк көргөзбөгөн, мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берүү, ТЭЦ, “Кыргызгаздын” сатылышы сыяктуу өлкөнүн келечегин аныктай турган учурларда элдин үнүн угуза албаган күн карама депутат. Миллиондогон кирешелерин, ондогон мүлктөрүн мамлекеттен жашырган, чет өлкөдөгү балдарына да далай мүлктү каттатып койгон, Биз мындай адамдын биздин депутатыбыз болушун каалабайбыз.
Шайлообек Атазовдун депутаттык мандат алуусу үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен күрөшөбүз. Укук коргоо органдары Нурбек Алимбеков тарабынан бузулган мыйзам бузуулардын адилет карап берет деп үмүттөнөбүз» — деп жазылган кайрылууда.