2021-жылдын 09-декабрь күнү саат 19:40 чамасында  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну М. Аны өз үйүндө аялы  41 жаштагы С. Ж аш кана бычак менен сайып, натыйжада М.А алган жараатынан улам  ошол эле жерде каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБне  маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Маалымат боюнча Кара-Суу РИИБдин жана райондук прокуратуранын жетекчилиги баш болгон  ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жайга барып текшерүү иштери жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталган:

2021-жылдын 09-декабрь күнү болжол менен  саат 19:40 чамасында  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын  Шарк айылынын  тургуну 1980-жылы туулган С. Д (аял киши) жогорудагы даректеги  өзү жашаган  үйүнүн ичинде  өмүрлүк жолдошу 1964-жылы туулнан М. А. менен бирге спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп өз ара  пикир келишпестиктен улам С Д ошол эле  жерде  үйдүн ичинде турган  аш кана бычагын  колуна курал катары алып  М.А денесинин  көкүрөк тушуна  бир жолу сайып жиберген.

Натыйжада М.А денесинен  алган жараатынан  улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган  факты боюнча  Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн  кылмыштын белгилери менен кылмыш иши  козголуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, окуянын чоо жайын көргөн билгендер сурака алынып, каза болгон М.Анын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дыйындалды.

Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.