Кылмыш-кырсык

Айдаркенде апасына зыян келтиргени үчүн чоң энесин сабаган жаран кармалды

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын 7-көчөсүнүн тургуну 30 жаштагы Кыргыз жараны өзүнүн жеңесин Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну 61 жаштагы апаны Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, өзү башкарып жүргөн Деу-Матиз унаасына салып, Айдаркен-Сох унаа жолу аркылуу кетип жатып “менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып сен майып кылып койгонсун!”- деп, унаасын токтотуп, эшигин ачып ур-токмокко алган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул  факты Кадамжай райондук милициясынын бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Сур айылынын 30 жаштагы тургуну А.Ү. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button