2021-жылдын 22-декабрында Жумгал районунда орун алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, КР УКМК “Атайын кызматтын” кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар “Атайын кызматтын” кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты.

Учурда абал туруктуу, “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө, азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат.