Коом

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

Кыргыз мамлекетине жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди. Бул тууралуу министрелр кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек-1» темир жол станциясында өлкөгө 10 вагондун алынып келиши боюнча иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышты.

Азиз Аалиев белгилегендей, президент тарабынан министрлер кабинетинин алдына өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана экономикадагы жүктөрдү ташууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу милдети коюлган. Буга байланыштуу министрлер кабинети 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечимин кабыл алган.

 «Бүгүн биз жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын тосуп алуудабыз. Сиздерге маалым болгондой, ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишкананын финансы-экономикалык ишмерлиги жакшы темпте жүрүүдө жана анын кирешеси 1 млрд 600 млн сомдон жогору болуп, бул сатып алууну жеке каражаттардын эсебинен жүргүзүүгө мүмкүндүк алган. Өлкө президенти тарабынан ишкана жетекчилиги астына «Кыргыз темир жолун» реформалоо, мурда орун алган коррупциялык процесстерди жоюу жана анын алдын алуу боюнча милдеттер коюлган. Бүгүн биз белгилүү натыйжаларды көрүп жатабыз. Министрлер кабинети «Кыргыз темир жолунун» составын модернизациялоо, заманбап талаптарга жооп берген жаңы локомотивдерди, жүргүнчү вагондорду сатып алуу максатында мындан ары карай дагы ишканадагы реформаларды колдоого умтулууда», — деди ал.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button