Жыл башынан бери кум шекердин баасы 12 сомго — 54 сомдон 65 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирет.

Баа жыл башында кымбаттап, Март айына чейин килограммы 63 сомго жеткен. Андан кийин Экономика министрлиги менен соода түйүндөрүнүн ортосунда келишим түзүлүп, анын аркасында бааны турукташтырууга мүмкүн болду. Андан кийин бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Канттын баасы туруктуу бойдон калды.

Мамлекеттик жөнгө салуу аяктагандан кийин канттын баасы кайра көтөрүлө баштады.2021-жылдын ноябрь айынын аягынан тарта республиканын кант заводдору кумшекердин дүң сатуу баасын килограммына 64,85 сомго чейин көтөрүштү, ал эми чекене сегментинде да өздүк нарк өстү. Соода тармактары бааны 66-68 сомго чейин көтөрүштү.

«Атамекендик өндүрүүчүлөр менен ири соода түйүндөрүнө (Глобус, Фрунзе, Народный) жеткирилген кумшекердин дүң сатуу баасын жеткирүүнү эсепке алуу менен 64,85 сомдон 63 сомго чейин жөнгө салуу боюнча келишим түзүлдү. Натыйжада чекене түйүндөрдө кумшекер 65 сомдон сатылууда», — деп билдирди Монополияга каршы мамлекеттик кызмат.