Коом

Бүт өмүрү багбанчылык менен байланышкан ишкер айым

Бүгүнкү каарманыбыз — Махабат Султаналиева,  Ысык-Көл облусунун тургуну.

Махабат 3 кыз, 1 уулдун мээримдүү энеси. 2019-жылдан бери Махабат Султаналиева мөмө-жемиштерди сактоо жана аларды кайра иштетүү ишкердүүлүгү менен алектенет.

Махабаттын бүт өмүрү багбанчылык менен байланышкан. Кичинекей кезинен эле алма жана алмурут көчөттөрдү асыроону, кышка мөмө-жемиштерди сактоо боюнча ата-бабаларынан калган ыкмаларын карманып келген.

Учурда Султаналиева Махабат жолдошу менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылында чоң алма багы жана жеке 500 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампалары бар. Жергиликтүү багбанчылар мөмө-жемиш сактагычтарын колдонушат, алма жана алмуруттун түшүмүн сакташат.

Махабат Султаналиева: “Жолдошум Өзбекстанга багбанчылык боюнча тажрыйба алмашууга барганда, коңшу өлкөнүн багбандарынан мөмө-жемиш кургатуучу шкафтарды көрүп келиптир. Өзбек багбандары эгиндеринин мөмөлөрүн колго жасалган газ мешинин жардамы менен кургатышат экен. Кыргызстанга келгенден кийин ошондой шкаф жасайм деп, колдогу эле кирпич, жыгач-такталардан жасап, көмүр-отун меши менен мөмө-жемиштерди кургатууну баштадык”.

Бир жыл алдын Махабат Султаналиева мөмө-жемиштерди кургатуучу жабдыктарды алууга ПРООН жарыялаган грантка катышууну чечти. Жакшы ниет – жарым ырыс дегендей, насип этип грант бөлүндү.

ПРООНдун Борбордук Азияда “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун “Кургатылган жемиштердин, жашылчалардын, чие-жемиштердин жана жаңгактардын кошумча нарк чынжырын чыңдоо” долбоорунун алкагында, Финляндия өкмөтүнүн каржылоосу менен «ЖИ Султаналиева» өндүрүштүгү үчүн кургатуучу шкаф жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн керектүү жабдуулар грант катары сатылып алынды. Айта кетчү дагы бир жагдай — кургатуучу шкаф күн энергиясы менен иштейт.

«Эркин Консалт» компаниясынын адистери тарабынан тренингтер жана консультациялык иш-чараларга катышып, Махабат Султаналиева алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, цехти иштете баштады.

Азыркы күндө Махабат бактын мөмөлөрүн гана кургатпастан, чие-жемиштерди да кургатып сатууга жетишти. Базарларга кургатылган алма, алмурут, ит мурун жана башка кургатылган мөмө-жемиштерди сатууга өндүрүлүп келүүдө.

Келечекте Махабат Султаналиева ишканасын экологиялык накта таза кургатылган мөмө-жемиштерди өндүргөн заводко айландырууну максатка койду. Супермаркет түйүндөрүнө продукцияларды жеткирип, коңшу мамлекеттердин базарларына өзүнүн бренди менен чыгууну пландоодо.

Махабаттын бизнесине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button