Коом

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясын алды

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясын алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле,  дагы 58 атайын техника 2022-жылдын февраль айында келери айтылды.

Өрт өчүрүүчү унаалар Орусиядан чыгарылган, аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык жардамы менен сатып алган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстанда 2 миң 801 өрт кырсыгы катталган.

Буга чейин аталган башкармалыктын башчысы Бообек Ажыкеев келерки жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыгы үчүн жаңы тик учак алынарын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button