Коом

«Ош» аэропортун коюу туман каптап, учактар Бишкекке конууда

«Ош» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 27-декабрында саат 08:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.

Алсак, Бишкектеги кошумча аэродромго 2 учак конду – Москвадан «Аэрофлот» жана Челябинскден «Уральские авиалинии». Ошондой эле ички каттамдары да кармалууда.

Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» — 0 312 693109 жана «Ош» — 0 3222 90101.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button