Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэринин «Алтын балаты — 2022» аттуу жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Ага калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 бала катышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул жылдагы мэрдин балатысы өзгөчөлүктөр менен коштолду. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, имараттын коридоруна жомок каармандарынын 3D форматындагы сүрөттөрү коюлган. Майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

Мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Шаар башчы балдардын окууларына ийгилик каалап, ата-энесин сыйлаган, мекенин сүйгөн инсан болгула деген тилегин айтты.

Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер берилди.

Возможно, это изображение (4 человека, ребенок и люди стоят)