Коом

ИИМ: Кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу 10 миң сом айып төлөйт

Ички иштер министрлиги кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларга 10 миң сом айып пул салынарын эскертет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылдын башынан бери борбор калаада жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочулар боюнча 528 факты катталса, анын ичинен 303 факты ИПК издөө бөлүмү тарабынан аныкталган. Калган 225 факты боюнча издөө иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу ИИМдин Тергөө башкармалыгы бардык жарандарды кырсык болгон учурда «102» кызматына же 0509 102 122 WhatsApp номуруна чалууга чакырат.

Эскерте кетсек, Бишкектин аймагында «Коопсуз шаар» видеокөзөмөл системасы толук орнотулган эмес, андыктан Кайгуул кызматы кырсыктан кийин качып кеткен айдоочуларды табууга көмөктөшүүнү шаар тургундарынан өтүнүштү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button