Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Мамлекеттик ипотекалык компанияга эки батир белек кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Тентишев батирлердин ачкычтарын ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөновага тапшырып жатып, “Президент баштаган демилгесин улай, өлкөдөгү турак жай маселесин чечүүгө салым кошолу деп, үй-бүлөбүз менен кеңешип, биз дагы эки батир берүүнү чечтик”, – деп билдирди.

Өз кезегинде, Аида Төлөгөнова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондуна берилип жаткан батирлер үчүн ыраазычылык билдирди.

Берилип жаткан батирлер “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү” пландалып жатат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 30-сентябрында президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзүнүн Бишкек шаарында жайгашкан эки кабат үйүн белек кылган. Учурда ал үй сатыкка коюлган. Сатуудан түшкөн акчага Программанын талаптарына ылайык келген батирлер сатылып алынып “кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага” берилет.