Коом
Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп салынды
Кеңеш айылында 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилгенин президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма-сөз кызматынан билдирди.
Курулуш иштерине 57 миллион сом бөлүнгөн. Мектепте 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенет. Кеңеш айылынын окуучулары 2019-2020-жылкы окуу жылын контейнер мектепте окуп баштаган.
Бул көрүнүш коомчулуктун кескин сынына кабылып, окуучулар бир айдан кийин жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлгөн.