Экономикалык мунапыс жарыялангандан бери 8 миллиард сомго жакын акча каражат жана мүлк түрүндө мамлекеттик бюджетке кайтарылган. Бул тууралуу  Антикоррупциялык ишкердик кеңештинин мүчөсү Ялкун Даутов билдирди.

Анын айтымында, президент үчүн негизги артыкчылыктуу багыттар  экономиканы калыбына келтирүү, рейдерликке жол бербөө, бизнести колдоо, ички жана тышкы инвестицияларды сактоо болду.

«Мүлктү коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо боюнча 4 жарлык чыгып, анын натыйжасында иш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөдү, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин жеткен ишкерлер салыктан бошотулду жана чарбалык субъектилерди текшерүүгө мораторий узартылды. «РСК Банк», «Айыл Банк», «Керемет Банк» сыяктуу банктардын уставдык капиталы көбөйтүлдү», — деди ал.

Я.Даутов 2021-жылы калкка 20 миллиард сомдон ашык насыялар берилгенин айтты.

Ошондой эле пандемиядан жапа чеккен ишкерлерди колдоо үчүн 2 млрд сом кошумча капиталдаштыруу жүргүзүлүп, жылына 10% менен кредиттер берилди.

2021-жылдын 9 айында өлкөбүзгө келген чет элдик инвестиция 26,4%га өсүп, 503 млн долларды же 43 млрд сомду түздү.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-январынан тарта сугат жерлерге, айдоо жерлерге жана жайыттарга салык алынбайт.

«Февраль айынан баштап дыйкандарга жылдык 6% менен насыя берилет. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн ипотекалык насыянын ставкасы 4% чейин төмөндөтүлдү. Бул мулк жана банк рыногундагы эң төмөнкү пайыздык чен. 2020-жылдын 1-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин 959 ипотекалык насыя берилди. 5 миллион сомго чейин ипотекалык насыя алууга мүмкүн болду», — деди ал.

Анын айтымында, турак жайларды документтештирүү жана мыйзамдаштыруу, жерлерди трансформациялоо маселелери чечиле баштады.

Андан бери Чүй жана Ош облустарында айыл чарба жерлерине 10 миңден ашык үй курулган.

«Президенттин Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 конушунун аймагына жеке иш сапары менен келгенден кийин, жылдар бою жооптуу мамлекеттик органдардын көңүл сыртында калып келген жерлерди трансформациялоо маселеси колго алынып,  турак жайларды мыйзамдаштыруу үчүн 47,7 га жер трансформацияланган. Жарандар үйлөрүнө кызыл китептерди жана каттоо күбөлүгүн ала башташты. Учурда 798 үйдүн 119у даяр, 69 үйдүн документтери кабыл алынып, 500-550 объектиде изилдөө иштери жүргүзүлүп, 5 мобилдик топ иштеп жатат», — деди ал.

Ошону менен бирге мамлекет башчы келечекте айдоо жерлери өз багытында гана пайдаланылаарын белгилеп, жерди өз алдынча басып алуу мыйзам чегинде жазага тартыларын эскертти.