Коом

Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу Казакстандагы кырдаалга көз салууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-декабрдан тарта Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгаштырылган бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатканын эскертти.

«КР УКМКнын чек ара кызматы коңшу республикадагы жана чек ара тилкесиндеги кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Кырдаал курчуган учурда Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул тапта Казакстандын айрым облустарында газдын баасынын кескир кымбаттоосуна байланыштуу элдик толкундоолор күчөп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button