Саясат

Өзбекстан Казакстандын ички маселесине кийлигишпейт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү. Ал казак элин колдоорун билдирип, казак бийлигинин туруктуулугун сактоо жана тынчтык орнотуу аракетин кубаттады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки президент Казакстандагы окуялардын мындан ары кандай өнүгөрү жана турукташтыруу иштерин талкуулашты. Ошондой эле Мирзиёев казак элинде тез күндө тынчтык орношун каалап өттү.

Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги да расмий билдирүү таратып, Казакстан ички маселесин өз алдынча чече ала турган эгемен өлкө экенин, Өзбекстан коңшу өлкөнүн ички саясатына кийлигишпей турганын жарыялады. Мындан сырткары гуманитардык жардамдарды жеткирүү боюнча чукул чаралар көрүлө турганын да билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button