Коңшу өлкө Өзбекстанда “омикрон” жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы 7-январда Өзбекстанга чет өлкөдөн келген чет элдик жарандан аныкталган.
Буга чейин маалымдалгандай, республиканын аймагында “омикрон” штаммынын аныкталгандыгына байланыштуу сактык чаралары жана чектөөлөр күчөтүлөт.