Коом

Кыргызстандыктарды Казакстандан эвакуациялоо үчүн Алматыга чогултулат. Дареги жана убактысы

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоону уюштурат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, учурда Казакстандан чыгуу ниетин билдирген 30га жакын кыргызстандык бар.

«Кыргызстандыктар жер үстүндөгү транспорт менен ташылат. Биз абалды көзөмөлдөп жатабыз. Эгер дагы эвакуация талап кылынса, аны да уюштурабыз», — деп түшүндүрүштү консулдуктан.

Маалыматта белгиленгендей, чогултуу шейшемби күнү, 11-январь күнү саат 10:00дө консулдуктун имаратында болот. Дареги: Алматы шаары, Луганск көчөсү 30а.

Консулдук өкүлчүлүктүн телефону: +7 747 113 17 87 (Нургелди).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button