Бул тууралуу  Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди. Ал мекенине кайтууну каалаган ар бир жаранга жардам берилерин билдирди.

Буга чейин ондогон кыргыз жарандары Казакстандан эвакуацияланган.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол күнү Бишкекке кайтып келген. Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген.

Жекшембиде «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге (200 доллар) жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.