Баткен шаарындагы ар аптанын ишемби күнү буга чейин болуп келген базар мындан ары ар жуманын жекшемби күнүнө жылдырылды. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэриясынан кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ишемби күндөгү эл көп топтолгон базардын дем алыш (жекшемби) күнгө жылдырылгандыгынын себеби, облус аймагындагы калк көп топтолгон базар күндөрүн тартипке келтирүү болуп саналат.

Мындан ары жуманын:

Шаршемби күнү- Торговый базары

Бейшемби күнү-Кара-Бак жана Лейлек базары

Жума күнү- Халмион базары

Ишемби күнү-Самаркандек базары

Жекшемби күнү- Баткен базары өткөрүлөт.

“Урматтуу облус тургундары

Коомчулукка ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана  базар тартибин иреетке келтирүү максатында көрүлүп жаткан бул демилгени колго алып, милдеттүү түрдө сактоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.