Бүгүн, 15-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту. Бул тууралуу аталган минситрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов Аслександрды жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады.
Ошондой эле Александрга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана Кыргыз Рсепубликасынын Министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.
Андан сон, келечектеги пландар, аны ишке ашыруу аракеттери тууралуу бааралашуу болуп, Александр алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштөө, мындан ары “Пелегеянын” тобунда чоң чыгармачылык гастролдордо болоорун, келишимге ылайык, иш графиги тыгыздыгын маалымдады. Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан анын көңүлүнүн борборунда болоорун белгилеп, дайыма байланышта боло турганын тастыктады.
Чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөтүп, мындай дем берүү абдан маанилүү. Чон ыраазылыгымды билдирем деп сөзүн жыйынтыктады.
Министр сүйлөшүү учурунда Алекстандарды Кыргызстан менен Россиянын эриш аркак жылынын жабылыш салтанатына катышуу сунушу айтып, аны ар тараптан колдоого даяр экендигин белгиледи.
Эске салсак, 32 жаштагы Александр Волкодав Россиянын «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Александр Волкодав «Голос» долбоорунун бардык этаптарын ийгиликтүү өтүп, Элина Пан, Ернар Садирбаев жана Алишер Каримов сындуу ырчылар менен долбоордун финалына чыккан. Ал эми, 2021-жылдын 30-декабрында, жаңы жылдын алдында музыкант Кыргызстан элине белек катары долбоордун жеңүүчүсү болду. Дал ушул күнү Россиянын Биринчи каналында көрсөтүүнүн акыркы сериясы чыгы, көрүүчүлөр добуштардын көбүн Пелагея командасынан Александрга беришкен.