Коом

Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды

Кара-Суу районунун Беш-Булак айылында суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бардык иштердин долбоордук баасы 450 миң долларга бааланган.  Завод эшигин 2022- жылдын 1-апрелинде ачат.
Билдирүүдө айтылгандай, завод Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы фермерлерди жана асыл тукум станцияларды камсыздайт. Саатына 10 литр суюк азот, суткасына 200 литрден ашык суюк азот чыгарат. Суюк азот жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат.
Эске салсак, ушундай эле завод Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкандары үчүн суюк азотту ийгиликтүү өндүргөн Элита селекциялык станциясынын аймагында жайдын аягында ачылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button