Коом

Ошто «Ош-Тазалыктын» кызматкерлеринин айлыгы 50%га көбөйөт

Быйыл Ош шаарында тазалыкты калыбына келтирүү жаатында олуттуу реформалар жүргүзүлүп, «Ош-Тазалык» калаадагы алдыңкы ишканага айланат. Бул туурасында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Мэриянын маалымат кызматы бүгүн вице-мэр «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата отчетун уккан.

«Быйыл «Ош-Тазалыктын» кызматкерлеринин эмгек акысын 50 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул шаар тазалыгын камсыздагандарга жакшы стимул болот. Ошондой эле атайын техникаларды жаңылоого өзгөчө көңүл бурулат. Жыл сайын эки-үч даана заманбап атайын техникаларды алуу планда бар. Сиздерден жакшы жыйынтыктарды күтөбүз. «Ош-Тазалык» алдыңкы ишканага айланышы керек», — деди Жунусбаев.

Мындан сырткары, төмөнкүдөй пландар айтылган:

көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тазалоо үчүн кошумча 100 кызматкерди жумушка алуу боюнча шаардык кеңештин депутаттары менен макулдашуу;

таштанды полигонуна таштандыны сорттоочу завод куруу;

абоненттердин санын көбөйтүү, анын ичинде коммерциялык түзүмдөр менен иш алып баруу. Бул эң маанилүү багыттардын бири болуп саналат;

«Ош-Тазалыктын» контейнерлерине таштанды таштаган Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектешкен аймактарында жашагандарды абоненттик базага кошуу. Бул үчүн чектеш аймактардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Ал эми ишкана жетекчиси Нурбек Исмаилов өткөн жылы абоненттер 229 миңден 259 миңге, соода объектилеринин саны 2 776дан 3 812ге өскөнүн айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button