Ким кайсы кесипти аркалап, эмне менен алектенбесин баарында жоокерчилик бар. Мисалы, ашпозчу жасаган тамагына, сатуучу товардын сапатына жоопкер болгондой эле журналисттер менен блогер дагы тараткан маалыматы үчүн жоопкер. Эгер алар сапатсыз же жалган маалымат таратышса анын кесепеттери коомчулукка тийиши мүмкүн. Ошондуктан журналист мыйзам талаптарын жана этикалык нормаларды так сактоого милдеттүү.

Алсак, журналисттин этикалык кодексинде бир катар насааттар жана эрежелер жазылган. Алардын эң негизгилери: жалган маалымат таратпоо, каршылаш эки тараптын пикирин берүү, пара албоо, чындыкка кызмат кылуу ж.б. Бирок этикалык кодекстин юридикалык күчү жок, ал жөн гана сунуштама.

Ал эми журналисттин кесиптик ишин жөнгө салган майзамдарда ал аткарышы керек болгон укуктар менен милдеттер так көрсөтүлгөн.

Мисалы, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамдын 23-беренесинде коомчулукка таратууга болбой турган маалыматтардын тизмеси көрсөтүлгөн:

а) Мамлекеттик жана коммерциялык сырды ачууга;

б) Учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен бузууга жана кулатууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана мамлекет болбосун суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;

в) Согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого;

г) Элдердин жарандык ар намысын мазактоого;

д) Динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;

е) Порнографияны жана баңгичиликти пропагандалоого;

ж) Уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;

з) Жарандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалды таратууга;

и) Инсандын ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирүүгө;

к) Жалган маалыматты атайылап калкка жайылтууга жол берилбейт.