Ички иштер министрлиги жарандардан кыз ала качуу жана никеге мажбурлап тургузган окуяларга кайдагер мамиле кылбай, ички иштер органдарына 102 номуру аркылуу кабарлап коюну суранат.

Адамды никеге туруу максатында уурдоо, башкача айтканда кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.
Мындан тышкары, адамды никеге туруу максатында уурдоо фактысына катыштыгы бар башка адамдарга мыйзам талабына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган кылмыштар жана алардын жазалары:

172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу
1. Никеге туруу үчүн адамды ала качуу-беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу-жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо
Бала менен иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо-1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо
Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо, же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу-1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы