2022-жылдын 21-январында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2021-жылдагы аткарган  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өткөн жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2022-жылга карата негизги уюштуруу иш-чаралар мерчемин талдап бекитүү жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана жарандардын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы негизги маселелер талкууга алынды. Өз баяндамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары  Абил Алимкулов 2021-жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи, жетекчилик тарабынан коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча баяндама жасады. Ал өз сөзүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгы негизинен  2021-жылы коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, жарандардын укуктарын коргоодо      өздөрүнө коюлган тапшырмаларды өз убагында аткара алгандыгын, ар кандай саясый ири өнөктүк учурларында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте сапаттуу иш жүргүзгөндүгүн белгиледи. Жетишкендиктерден сырткары эле кайсы бөлүмдөр менен кызматтарда кетирилген кемчиликтер болсо, аларга  токтолуп, аларды жоюу боюнча  сунуш-пикирлерди дагы айтты.

Ошондой эле,  өткөн 2021-жыл аралыгында өзүнүн мыкты кызматы менен айырмаланган бөлүм жана кызматкерлер аныкталып, сыйланышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын «мыкты милиция бөлүмү» болуп, башкармалыктын Ак-Буура милиция бөлүмү табылды. Бөлүмдүн атынан тейлеген аймагындагы коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Ак-Буура милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги М.Тороходжаевге    башкармалыктын өтмө кызыл туусу жана 10 миӊ сом акчалай сыйлык тапшырылды.   Ал эми   атайын комиссиянын талдоосу менен  Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча «мыкты кызматкерлер» деп табылган кызматкерлерге, Ош ШИИБнын начальниги А. Мамасейитов тарабынан  тарабынан тиешелүү диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылып, сыйлык лентасы тагылды. Атайын комиссиянын чечими менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2021-жылдын мыкты кызматкерлери болуп төмөндөгү кызматкерлер табылды:

-милициянын улук лейтенанты Бекеев Айбек Кубанычбекович, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

-милициянын улук лейтенанты Бекматов Нурсултан Аптандилович, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;

-милициянын капитаны Азимжанов Самат Азимжанович, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

-милициянын капитаны Өмүрзаков Адилет Султанбекович, баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери;

-милициянын капитаны Кургунбаев Эрмек Калмаматович, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн  милициянын аймактык тескөөчүсү;

-милициянын улук лейтенанты Жолдошов Нурланбек Абсатарович, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспектору;

-милициянын капитаны Идинов Ныязбек Абдимиталович, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн улук инспектор-нөөмөтчүсү;

-милициянын лейтенанты Жусупов Акылбек Абдисоломович, Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн инспектор-криминалисти;

-милициянын улук лейтенанты Нажиев Бексултан Эгембердиевич, ИИМдин Ош ШИИБсы боюнча милициянын кайгуул күзөт бөлүмүнүн 3-батальонунун куралдануу боюнча улук  инспектору;

-милициянын прапорщиги Кадырбеков Өмүрзак Үсөнович, ИИМдин Ош ШИИБсы боюнча милициянын кайгуул күзөт бөлүмүнүн  2-взводунун   кенже инспектору.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынды жыйыктыктап жатып, Ош ШИИБнын начальниги Акылбек Мамасейитов: «2021-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алышты. Көрсөткүчтөрүбүз дагы жаман болгон жок. Эми жаӊы 2022-жылда  дагы   элибиздин коопсуздугу үчүн кызмат өтөөбүздү улантышыбыз керек. Тандаган кесибибизге татыктуу болуу үчүн-болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Ал үчүн ар бирибиз өз милдеттерибизди так, убагында аткарып, кызматтык тартипти бекем сакташыбыз керек. Эл-бизге ишенип отурат. Эл ишеничи барынан ыйык!»,-деди шаардык милиция башчысы.

Ушуну менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйыны аяктады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы