Коом

Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды

Бишкекте лифтте камалып калган 45 жаран куткарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Бишкекшаардыклифт” ишканасына лифтте калып калган жарандардан 45 арыз келип түшкөн.

“Камалып калган жарандар ыкчам түрдө куткарылды. Медициналык жардам керектелген жок. “Бишкекшаардыклифт” ишканасынын карамагында бардык лифт болбогондуктан канча адам камалып калганы тууралуу так маалымат жок”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 25-январда  түшкө маал  Борбор Азия өлкөлөрү Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы авариядан улам өчүп калган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button