31-январдан тарта «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына карызы бар 2,2 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.
Белгилей кетсек, жалпы дебитордук карыз 12,5 миллион сомду түзгөн.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты «Түндүк электр» ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
Эске сала кетсек, почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, электрге төлөмдү терминал аркылуу жүргүзүү мүмкүн. «Түндүк электр» төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, «БТА Банк» терминалдары, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу кабыл алат. Билдирме «Түндүк электр» ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт.