Бишкекте бир катар маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында алты маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгы менен №17 автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү, Жамгырчинов көчөсүнө кире турган жерди алып салуу чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен 188 маршуттук каттам Салкын-Төр жаңы конушуна чейин  1 айга убактылуу узартылды, калган схема өзгөрүүсүз калды.

№185 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлүп, азыр маршруттук каттамдар Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрү менен акыркы аялдамасы мечиттин жанынан каттайт.

Белгилей кетсек, №185 маршруттук каттам азыр муниципалдык болуп калды.

«Лущихин көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн 5 атайын микроавтобус бөлүп берүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, ведомстволор аралык комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Комиссиянын курамына ИИМдин кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү кирет.