Саясат

Кайра шайлоо. Талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округдарына кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, 55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды. Бүгүнкү күнгө карата 37 талапкер катталды. 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди. 1 талапкерди каттоодон баш тартылды. 7 талапкер каттоого документтердин толук топтомун же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес. 18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button