Коом

ИИМ: Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн көчөдө жүргөн 17 өспүрүм аныкталды

2022-жылдын 31-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-Түн» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде түнкү убакта (саат 22.00дон эртен мененки саат 06.00го чейин) балдар: көчөдө, соода жана коомдук тамактануу жайларында, парктарда, аянттарда, вокзалдарда, түнкү жана интернет клубдарда ата-энелери же аларды алмаштырган адамдардын коштоосуз жүрүүгө тыюу салынат.

Иш-чаранын максаты – кыштын суук күндөрү, түн ичинде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн, балдар мекемелеринен өз алдынча кетип калган, мамлекеттин жардамына муктаж балдарды аныктоо, аларга социалдык жактан жардам көрсөтүү.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 17 бала аныкталды. Аныкталган балдарга жеринен ата-энелери чакыртылып, андан ары тарбиялоо жана көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар ата-энелерине тапшырылып берилишти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button