Бишкек шаарынын мэриясынын ички аудит башкармалыгы тарабынан текшерүүнүн алкагында дене тарбия жана спорт башкармалыгында 18 млн 67 миң 800 сом суммасында мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган факт борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов менен жолугушуусу учурунда айтылды.

“Айбек Жунушалиев Мирлан Пархановго аныкталган кемчиликтерди көзөмөлгө алып, калыпка салууну тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө мэр департаменттин жетекчилигине маданият жана спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына бирдей көңүл буруу милдетин койду.

Айтмакчы, буга чейин туризм тармагы муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функцияларына кирген эмес.

Эске салсак, аталган башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле маданият башкармалыгынын жана дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн.