Коом

Президенттик администрация С.Жапаровдун атынан алдамчылык болуп жатканын эскертет

Президенттик администрация жарандарды сак болууга, телефон чалуулар аркылуу өзүн ар кандай аткаминерлер катары тааныштырып, президенттин катышуусундагы жеке иш-чараларга чакырган шылуундардын аракеттерине ишенбөөгө чакырат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, шылуундар алдамчылык жол менен ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап жатышат.

«Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз», дейт Президенттик администрация.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button